Marvel Анджелина Джоли тартылган тасманын кадрларын көрсөттү

4 май 2021 14:55 1090 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Marvel студиясы Голливуд актрисалары Анжелина Джоли жана Сальма Хайек башкы ролдордо тартылган "Вечные" тасмасынын кадрларын жарыялады. Бул тууралуу Marvel студиясынын соцтармактагы баракчасына жарыяланган видео материалга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Marvel студиясы быйылкы жарыкка чыга турган тасмалардын трейлерин "көрүшкөнчө кинодо" деген аталышта жарыялады. Видеону бир суткага жетпеген убакытта 3,9 миллион адам көргөн.

"Вечные” тасмасы ушул жылдын ноябрь айында жарыкка чыгат. Тасмада Анжелина Джоли жана Сальма Хайек сыяктуу актёрлор ойношот.

"Вечные” тасмасы Хлоя Чжаонун режиссерлугунда тартылып жаткан америкалык көркөм фильм. Бул тасма Marvel комикстеринин экранга ылайыкташтырылышы. 2018-жылдын апрелинде продюсер Кевин Фейдж Marvel комикстеринин "Вечные” тасмасына адаптациялоо боюнча иш алып барарын жарыялаган.

Тасманын сценарийин жазуу үчүн Каз жана Райан Фирпого окшогон атактуу сценаристтер чакырылган. Кинокомиксти тартуу иштери 2019-жылы июлда Лондондогу Pinewood студиясында башталып, 2020-жылы февралда аяктаган.


Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutkada-4-mln-krch-toptodu-marvel-andzhelina-dzholi-tartylgan-tasmanyn-kadrlaryn-krstt



Добавить комментарий