Видео. Гүлзат Мамытбек турмушка чыга тургандыгы тууралуу кабарлады

7 декабрь 2018 18:21 3464 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү саентолог, мативациялык тренер, өзүн "кыргыздын жана бүткүл планетанын демимин" деп атаган Гүлзат Мамытбек турмушка чыгаары тууралуу жаңылыгы менен бөлүштү. Бул тууралуу ал бүгүн өзүнүн инстаграм баракчасына жүктөгөн кезектеги видеосу аркылуу кабарлады.

Ал өз видеосунда:

"Жакында менин жашоомдо жакшы жаңылык болот. Мен турмушка чыгам. Мына мечитке дуа кылууга келдим. Баарыңарды намаз окууга чакырам." -деген билдирүү жасады. 

Буга кошумча мечитке баргандыгы тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасынын сторис бөлүмүнө да кыска видеодо айтып кетти.

Эске салсак, буга чейин Гүлзат Мамытбек белгилүү актер Том Крузга чыккысы келгендигин айтып андан кийин президенттин аялы болом деген. Андан бир аз убакыттан кийин Мамытбек анын келечектеги "күйөөсү" сөзсүз ээ болушу керек деген сапаттарды жазып чыккан. Гүлзаттын мүнөзгө байланыштуу талаптары 40ка жеткен эле. Ал бул тууралуу чыныгы тизме түзүп чыккан.

Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек биринчи жолдошу менен эки айрым жолго түшкөндүгү жана бир аз убакыт мурда балдарын өз карамагына алгандыгы тууралуу билдирген.


Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-turmushka-chyga-turgandygy-tuuraluu-kabarlady



Добавить комментарий