Гүлзат Мамытбек: "Мен Атамбаевге эле "дем" берсем башкасы таарынып калат экен, ошон үчүн Акаевга дагы, Бакиевге, Жээнбековго баарына дем берем"

17 октябрь 2018 20:45 2191 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзүн «Кыргыздын деми» деп тааныштырган Гүлзат Мамытбек, www.barometr.kg  сайтында маек курду. Вокалдан болгону 10 жолу гана сабак алса дагы, ырдагысы келээрин айтып, акыркы жазылган «Кыргызым» аттуу ырын жандуу ырдап берип,  учурда «Казагым баурым» деп, боордош казак элине арнап ыр жазып жатканын айтты. Саясатка келбесин айтып, бирок баардык саясатчыларга дем берээрин кошумчалады: «Кыргызстандын баардык президенттерин атын атап дем берем, антпесем аты аталбагандар таарынып калат экен. Мен жалпы кыргызга дем берем»-деди Гүлзат Мамытбек маек куруп жатып. 

 Мындан сырткары, кыргызстандагы коррупционерлерге токтоло кетти. Алардын казынага кол салганына албетте ичи ачышаарын айтып, бирок ошентсе дагы алардын жакшы жагын көрүш керек экенин кошумчалады. Сөз соңунда, жаштарга токтолуп, алар менен тыгыз иштешээрин, жаштардын артынан кең келечек келээрин айтып, маекти жыйынтыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-men-atambaevge-ele-dem-bersem-bashkasy-taarynyp-kalat-eken-oshon-chn-akaevga-dagy-bakievge-zheenbekovgo-baaryna-dem-berem



Добавить комментарий