Гүлшайыр Садыбакасова: "Максат менен Сайкал ажырашкан жок"
Канчадан бери белгилүү ырчы Сайкал жана алып баруучу Максаттын ажырашканы тууралуу, ал эле эмес мыйзамдуу түрдө ажырашты деген ушактар байма-бай айтылып жатат. Мындай ушактарга көнуп калышканбы же айта беришсин деп кол шилтеп коюштубу, же чын эле чындыкты жашырып жатышабы, айтор Сайкал тараптан да, Максат тараптан да бул тууралуу үн каткан жок. Ал эми Кыргызстанга беделдүү айымдардын бири, канча жыл шоу-бизнесте кайнап бышып, даамын жакшы билип калган Сайкал менен Максаттын апасы Гүлшайыр Садыбакасова жакында эле жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде "Максат менен Сайкалды ажырашты деген сөз карандай калп, кээде алардын жеке баракчаларына жазылган билдирүүлөрдү окуп алып күлчү болчум, соттошсом түбунө чейин жетем, бирок айтса айта беришсин деп атабыз"-деп айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/glshajyr-sadybakasova-maksat-menen-sajkal-azhyrashkan-zhok
Добавить комментарий ×