«Глобус» жана «Фрунзе» шаардыктардын өмүрүнө коркунуч жаратууда
Борбор калаадагы ири соода түйүдөр «Глобуска» жана «Фрунзеге» санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Биринчи май районунун акимиаты РИИБ жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Глобус» жана «Фрунзе» ири соода үйлөрүнүн санитардык абалын текшеришти.
“Бир нече бузуулар: кире бериште фильтрлер, дезинфекциялык килемчелер коюлган эместиги, кардарлардын дене табы текшерилбей, колдору антисептиктер менен тазаланбагандыгы, соода борборунун ичинде кардарлар бет капсыз жүргөндүгү аныкталды”, -деп айтылат маалыматта.
“Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерлери тарабынан «Глобус» жана «Фрунзе» маркеттеринин администрацияларына «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынды”, -деп кошумчалады.
Санитардык рейддер улантылууда жана күн сайын өткөрүлүп жатат.
“Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден санитардык эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз! Пандемия дагы бүтө эле, жеңдик деп айтууга дагы эрте. Бет кап кийиңиздер, гигиена жана аралыкты сактаңыздар”, -деп өтүндү мэрия.
Ссылка: https://barometr.kg/globus-zhana-frunze-shaardyktardyn-mrn-korkunuch-zharatuuda
Добавить комментарий ×