Гүлнур Сатылганова бети жок, уяты жок, алдамчы аферист деп кимге жинденди?

25 февраль 2020 14:52 1612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы, эл артисти Гүлнур Сатылганова анын атын сатып, социалдык тармактарда өз продукциясын жарнамалагандарга жини келди. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазып чыкты.

Көрсө BLACK LATTE деген кофени жарнамалагандар ырчынын эски сүрөттөрүн өз кызыкчылыгына колдонушкан.

"ИЧПЕГИЛЕ! Бул бети жок, уяты жок, алдамчы аферистер, Black Latte деген реклама КАЛП РЕКЛАМА ИШЕНБЕГИЛЕ !!! Менин атымды, эски сурөттөрүмдү колдонушуп фотошоп кылышып алдап, элдин башын айлантып бизнес кылып жатышат", - деп жазды ал.

Ырчы бул продукцияны ичмек тургай, көрбөгөнүн айтты. Ал күйөрмандарына кайрылып, алдамчылардын торуна түшпөгүлө деп чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/glnur-satylganova-beti-zhok-uyaty-zhok-aldamchy-aferist-dep-kimge-zhindendi



Добавить комментарий