Гиннестин рекорддор китебине төрт жолу кирген легендарлуу корей Бишкекке келди

6 июль 2022 15:00 1278 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекке легендарлуу кореялык Чхве Чан Хен келди. Ал майыптардын кольяскасы менен эң узак аралыкты басып өткөндүгү үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Маалым болгондой, Чхве Чан Хен Гиннестин рекорддор китебине төрт жолу кирген. 

"Ал Ысык-Көлдү кыдырып келди. Бишкектеги реаблитациялык борбордун конокторуна өзүнүн өмүр жолун, ийгиликтерин, жетишкендиктери тууралуу бөлүштү", -деп айтылат Бишкек мэриясынын маалыматында.     

Белгилей кетсек, шаардык реабилитациялык борбор күн сайын Бишкек шаарында жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлейт.    

Ссылка: https://barometr.kg/ginnestin-rekorddor-kitebine-trt-zholu-kirgen-legendarluu-korej-bishkekke-keldi



Добавить комментарий