Гимндин автору Шабданбек Кулуев каза болду
Бөлүшүү:
КРнын Гимнинин автору Шабданбек Кулуев оорудан улам 78 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары "Барометрге" кабарлады.
Маалым болгондой, Кулуев бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте ооруканада көз жумган.
Акын Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.
Акын бир нече китептердин автору. 40 жылдан ашуун билим берүү тармагында мугалимдик кесипти аркалап келген.
Кулуев Кыргыз Республикасынын Гимнин текстинин авторлорунун бири.
Ссылка: https://barometr.kg/gimndin-avtoru-shabdanbek-kuluev-kaza-boldu
Добавить комментарий ×