Гидрометеорология агенттигинин эки кызматкери каза болду
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин кызматкерлери Илияс уулу Рысбек жана Кудайберди Бекматов мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 27-июлда 59 жашка караган курагында ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясынын башчысы Илияс уулу Рысбек дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Илияс уулу Рысбек 1961-жылдын 10-октябрында Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган.
2009-жылдан бери ӨКМинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясын жетектеп келген.
Ошондой эле, кечээ, 26-июлда 56 жаштагы ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин «Ноокат» бириккен гидрометеорологиялык станциясынын башчысы Бекматов Кудайберди Абдурашитович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Кудайберди Бекматов 1964-жылдын 13-мартында Ош облусунун Ноокат районунда туулган.
1988-жылдан бери ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин “Ноокат” бириккен гидрометеорологиялык станциясын жетектеп келген.
ӨКМдин жааматына, каза болгон Илияс уулу Рысбек жана Кудайберди Бекматовдун жакындарына жана бир туугандарына “Барометрдин” жалпы жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/gidrometeorologiya-boyuncha-agenttigi-oor-zhogotuularga-uchurady
Добавить комментарий ×