Гепариндин ири партиясы Арча-Бешиктен табылды (Видео)

24 июль 2020 15:51 1634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арча-Бешикте гепарин жана башка дарыларды кымбат баада саткан үй-бүлө кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкектин тургундары Финполго, белгисиз адамдар интернетте гепарин дарысын сатуу боюнча жарнак жарыялаганын айтып, кайрылышкан.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Арча-Бешик конушундагы үй-бүлө гепарин жана башка препараттарды үйүнөн кымбат баада сатып жаткан жеринен кармалды.

«Каржы полициясынын өкүлдөрү 70 миң сом өлчөмүндөгү 100 таңгак дары сатылганын аныкташты. Үйдү текшерүү учурунда гепарин препаратынын ири партиясы табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана алардын келип чыгышын (алардын Кыргызстанга кандайча жеткирилгендиги, белгиленген сапатка ылайык келеби) тактап жатабыз», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт КРнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Ссылка: https://barometr.kg/geparindin-iri-partiyasy-archa-beshikten-tabyldy-video



Добавить комментарий