Генерал Талантбек Исаевге козголгон иштеги сотко чейинки өндүрүш токтотулду

4 декабрь 2019 15:44 2299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаевге карата жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн 4-декабрда Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) тараткан билдирүүдө айтылат.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, буга ИИМден келген жооп негиз болду. Анда Исаев үстөк пайызысыз займ алууда мыйзам бузбаганы, себеби “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамда ишкердикке байланышпаган максатта займ алуу мыйзамга каршы келбеси жазылганы айтылат.

- Териштирүүнүн натыйжасында Исаев кылмыш кылбаганы аныкталды. Ошол себептен 3-декабрда ага карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду, - деп айтылат УКМКнин билдирүүсүндө.

Генерал Исаевге карата Жазык кодексинин 320 «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 23-октябрда иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Талантбек Исаев 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турган учурда пайызсыз 50 миң доллар акча алганы боюнча иликтенип жатканы айылган. Генерал өзү ал мекеме мамлекеттик эмес болгонун, кызмат абалынан пайдалануу көрүнүшү болбогонун айткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/general-talantbek-isaevge-kozgolgon-ishtegi-sotko-chejinki-ndrsh-toktotuldu



Добавить комментарий