Араванда айыл өкмөтү мыйзамсыз чечим чыгарып, жер сатып жибергенге шектелип кармалды

23 май 2023 16:04 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы сугат жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз чечим чыгарган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысына кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш ишин козголгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен келишим түзүп, 2022-жылдын 14-февралында «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жер тилкесин «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгарылган. 

Экспертиза жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 миллион сомду түзөрүн аныктаган.   
Буга байланыштуу М.М.А. аттуу жаран КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренеси («Кызматтык кылмыштарга шериктеш болуу») менен кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.    

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар да такталууда.   

Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-ajyl-kmt-bashchysy-sugat-zherlerdi-zheke-turak-zhaj-saluuga-myjzamsyz-chechim-chygaryp-satyp-zhiberg-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий