Генерал Исаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду

26 ноября 2019 17:10 4161 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук комитети тастыташынча, милициянын генерал-майоруна “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул факты кылмыш жана жоруктардын биирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмыш иши 2011-жылдары Талантбек Исаев “Манас Менеджмент” мекемесинин вице-президенти болуп турган ишмердүүлүгүнө тиешелүү болууда. Ал маянадан сырткары $50 миң пайызсыз насыя алган деп шектелүүдө.

Эске сала кетсек, Талантбек Исаев бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалгандан кийин ээлеген кызматынан кеткен болчу. Кийинчерээк депутатка карата иш токтотулганына байланыштуу генерал өз кызмат ордуна кайра келген.

Ссылка: https://barometr.kg/general-isaevdin-stnn-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий