Гаитинин президентинин аялы алган жаракатынан улам ооруканада көз жумду

8 июль 2021 09:20 800 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гаитинин өлтүрүлгөн президентинин аялы Мартин Моиз ооруканадан каза тапты. Ал мамлекет башчысынын резиденциясына кол салуудан кийин атылган октон алган жаракатынан улам көз жумду. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Буга чейин өлкөнүн биринчи ледиси ооруканага жеткирилгени маалымдалган болчу.

Эскерте кетсек, Гаитинин президенти Жовенель Моиз 6-июлдан 7-июлга караган түнү белгисиз адамдар мамлекеттик резиденцияга кол салгандан кийин мерт болгон.  

Өлкөнүн өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Клод Жозеф калкты тынчтыкка чакырып, баардык жагдай көзөмөлдө экенин кабарлады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/gaitinin-prezidentinin-ayaly-algan-zharakatynan-ulam-oorukanada-kz-zhumdu



Добавить комментарий