Футболчу сүйлөшкөн кызын, андан кийин өзүн өлтүрдү

29 май 2018 00:15 2085 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Итальялык футболчу Федерико Дзини мурдагы сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салып каза тапты. Бул тууралуу TodaySport.it спорт булагы кабарлады.

Ал мурдагы сүйлөшкөн кызы анын үйүнүн жанынан уруша кетишкен.
Дзини шериги Элиза Аматону күч менен унаага түртүп киргизип Сан-Миньято спорт борборуна алып барып атып салган.

Кызды атканын көргөн коңшулары полиция чакыртышкан. Футболчу кыздын сөөгүн унаасына жүктөп качкан жана андан кийин өзүн өлтүргөн. 27-майда Дзини 25 жашка толмок. Жаш кезинен тартып эле ал Италиянын бир нече клубдарында футбол жылдызы болууга жетишкен.

Каза тапкан кыздын жашы 30га чамалаш болгонун басылмалар маалымдашты.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-sjlshkn-kyzyn-andan-kijin-zn-ltrd



Добавить комментарий