Футболчу Роналдиньо түрмөдөн чыкты

8 апрель 2020 09:14 1183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парагвайдын бийлиги Бразилиянын курама командасынын оюнчусу Роналдиньону абактан чыгарды.

Football Espana порталынын жазышынча, учурда мурдагы футболчу Парагвайдын борбору Асунсьон шаарындагы мейманканалардын биринде үй камаганды. Жалпысынан алганда Роналдиньо абакта бир ай отурду.

Март айында Роналдиньо байкеси жана агентти менен Парагвайдын борбор калаасындагы мейманканадан жасалма паспорт менен кармалган. Эки күндөн кийин аларды коё беришкен. Бирок Асунсьон шаарынын соту прокуратуранын сунушуна макул болуп, тергөөчүлөрдүн аларды коё берүү боюнча доо арызын жокко чыгарган.

7-мартта сот мурдагы футболчуну абакта кармоо мөөнөтүн алты айга узарткан. Андан сырткары сот футболчуну 1,5 миллион евро күрөө менен абактан чыгаруудан баш тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-ronaldino-trmdn-chykty



Добавить комментарий