Футболчу оюн талаасына чуркап чыккан күйөрманды башка тепти - видео

4 февраль 2020 08:29 1162 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилиянын "Фигейренс" жана "Аваи" командаларынын оюну массалык мушташтан улам токтоду. Бул тууралуу Eurosport маалымдады.

Бразилиялык футболчу каршылаш команданын күйөрмандарынын жинине тийип, алардын бирөө оюн талаасына чуркап чыкканда аны башка тепти. Оюн 21-мүнөттө массалык баш аламандыктан улам токтотулду.

"Аваи" командасынын жарым коргоочусу Бруно Силва ордун башка оюнчуга бошотуп берип оюн талаасынан кетип баратып, каршылаш команданын күйөрмандарына беттеш 2:0 эсебинде "Авианын" пайдасына аяктайт деп колу менен ишарат көрсөткөн. Силванын мындай кадамына жиндеген оюнчулар трибунадан баш аламандык уюштуруп, укук коргоо органдары аларга кийлигишүүгө аргасыз болду.


"Фигейренстин" эки күйөрманы "Авианын" запаста турган футболчуларына атырылган. Алардын бирөөнү оюнчу кармап калса, экинчисин Силва буту менен башка тепкен. Полиция башка жеген оюнчуну алып кетишкен, анын абалы кандай экени тууралуу маалымат жок.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-oyun-talaasyna-churkap-chykkan-kjrmandy-bashka-tepti-video



Добавить комментарий