Футболчу Мессини ирандык окшошу менен алмаштырып алышты

30 март 2020 13:44 1014 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын M6 телеканалы футболчу Лео Мессини анын ирандык окшошу Реза Парастеш менен алмаштырып алды.

Аталган канал коронавируска каршы күрөшүү үчүн акча бөлгөн атактууларды айтып жатып, экранга футболчу Мессинин ордуна Реза Парастештин сүрөтүн көрсөттү.

Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча көптөгөн атактуу, белгилүү инсандар коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам кайрымдуулук кылып, акча бөлүшүүдө.

Соңку маалымат боюнча бул илдет 33 631 кишинин өмүрүн алып, 712 миңден ашык кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-messini-irandyk-okshoshu-menen-almashtyryp-alyshty



Добавить комментарий