20-декабрды Аргентина бийлиги улуттук майрам күнү деп жарыялады

20 декабрь 2022 10:59 996 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аргентинада бүгүн, 20-декабрь улуттук майрам деп жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянып “Барометр” маалымдайт. 

Бүгүн аргентиналыктар 2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңген улуттук курама кураманы тосуп алышат.

Аргентинанын көчөлөрүндө миңдеген жарандар чогулуп, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун майрамдап жатышат. 

Эске салсак, 18-декабрда Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында аргентиналык футболчулар Франция курамасын утуп жеңишке жетишишкен. 

Аргентиналыктар бул жеңишти 36 жыл күткөн.    

Ссылка: https://barometr.kg/argentina-zheishin-kandaj-majramdap-zhatat



Добавить комментарий