Футбол оюндарын калтырбай көргөн 94 жаштагы Алтын апа (Видео)
94 жаштагы Алтын апа футбол оюндарын калтырбай көрөт. Бул тууралуу "Азия азыркы учурда» баракчасынан “Барометр” которду.
Нарын шаарына караштуу Кочкор районунун тургуну Алтын Качканакова бала кезинен тарта футболго кызыгат. Азыр 94 жашка чыкса дагы Роналду жана Мессинин оюндарын калтырбай көрүп келет. Футбол күйөрманы акыркы күндөрү эс тутуму начарлап бараткандан улам жаңы ысымдарды жана маанилүү күндөрдү жазып келет.
“Месси мага жагат, тепсе эле гол кирет. Мурда Роналдону мактай бергенде Мессиден өтүп кеттиби дей берчүмүн. Кийин чындыгында жакшы ойнойт экен деп калдым”, - дейт футбол күйөрманы өзүнүн сүйүктүү оюнчулары тууралуу.
“Кыргызстандын Катар менен ойногон оюнун көрдүм. Мага дарбазачы бала жакты, жакшы тозот экен. Бая күнү топ киргизип ийгенден кийин жактырбай калдым кайра”, - деп күлүп кошумчалады Алтын апа.
“Айылда оюнду ким көрбөй калса апамдан сурашат. Оюндун журүшү, ким гол киргизгенин айтып берет”, - дейт Алтын апанын уулу Сагын.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-oyundaryn-kaltyrbaj-krgn-94-zhashtagy-altyn-apa-video
Добавить комментарий ×