Футбол. Кыргызстан – Япония беттешине билеттер сатыла баштады

7 ноябрь 2019 14:38 4696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Футбол боюнча 2022-Дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандоо турундагы Кыргызстан – Япония беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы (КРФФ) расмий маалымат таратты.

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) кыргыз күйөрманынын бейбаштыгы боюнча маселени кийинкиге калтыргандан соң өлкө Федерация билеттерди сатыкка чыгарды.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Кыргызстан – Мьянма беттеши жүрүп жаткан учурда күйөрман футбол талаасына чыгып кеткен. 4-ноябрда ФИФАнын тартип комитети бул маселени карап чечим чыгармак. Дүйнөлүк футбол уюму бул маселени кароону белгисиз күнгө калтырганы айтылат.

Кыргызстан – Япония беттешине 8 күн калганын эске алып, Кыргызстандын футбол федерациясы оюнга кирүү билеттерин сатыкка чыгарды”, - деп айтылат КРФФнын билдирүүсүндө.

Оюн таласына чуркап чыккан күйөрман кармалып, Кыргызстандын мыйзамы боюнча майда башаламандык жасады деп айыпталган. Кийин ал атайын шарттар менен бошотулган.

Эске сала кетели, 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2022-Дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандоо турундагы Кыргызстан – Япония беттеши өтөт.

Бул этапта Кыргызстандын улуттук курамасы “F” тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалы менен күч сынашууда.

Төртүнчү турдун жыйынтыгы менен Япония 9 упай менен тизмеде сап башында. Кыргызстан 6 упай топтоп экинчи сапта турат.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kyrgyzstan-yaponiya-betteshine-biletter-satyla-bashtady



Добавить комментарий