Футбол. Кыргызстан кызыл кийимчен ойнойт

13 ноябрь 2019 21:00 4505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең боло турган Кыргызстан – Япония футболдук беттешинде улуттук курамабыз кызыл түстөгү кийимчен ойнойт. Бул тууралуу бүгүн болгон чүчүкулакта анык болгонун өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстан курамабыз көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө жеткен кызыл түстөгү формасын кийишет. Ал эми коноктор өзүлөрүнүн жаңы асман-көк түстүү кийимчен ойношот. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай япон самурайлары бул форма менен алгачкы ирет расмий оюнга чыгышмакчы”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 2022-жылдагы дүйнө кубогу жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында эртең, 14-ноябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Японияны кабыл алат.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 17:15те башталат.

Бул этапта Акшумкарлар “F” тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалы менен күч сынашууда.

Төртүнчү турдун жыйынтыгында Япония 9 упай менен тизмеде сап башында. Кыргызстан 6 упай топтоп экинчи сапта турат.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kyrgyzstan-kyzyl-kijimchen-ojnojt



Добавить комментарий