Футбол күйѳрмандарынан кийин эски аянтта таштанды калган жок
Бөлүшүү:
«Футбол күйѳрмандарынан кийин эски аянт таза!», - деп Тазалык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева социалдык баракчасында жарыялады. Ошондой эле ал шаардыктарга ыраазычылыгын тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:
«Бизге бир аз гана шыпыруу керек болду. Таштанды жок. Таштандыларды таштанды таштоочу жерге жеткиргениңиздерге чоң рахмат! Тазалык үчүн ыраазыбыз!».
Кечээ Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти болгон. Беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандарга фан-зонасы уюштурулган.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kjrmandarynan-kijin-eski-ayantta-tashtandy-kalgan-zhok
Добавить комментарий ×