Футбол. Дордой өз үйүндө Лидер командасын 8:0 менен утту

22 сентябрь 2019 09:00 1077 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Футбол. Дордой өз үйүндө Лидер командасын 8:0 менен утту. Бүгүн 21-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасында 22-туру эки оюн менен башталды. Бишкектин “Дордой” клубу өз талаасында “Лидер” командасын кабыл алып, 8:0 эсебинде утту. Бишкектиктердин чабуулчусу Вахыт Оразсахедов төрт гол киргизди. Мирлан Мурзаев, Азамат Байматов, Жусупбаев жана Батырканов бирден гол киргизишти.

Ал эми Оштун "Алай" клубу "Кара-Балта" командасын 2:0 эсебинде жеңип алды. Беттештеги 2 голду тең "Алай”дын чабуулчусу Кожо Жоэль киргизди.

Мелдештин жадыбалында 22 оюндан соң 50 упай топтогон “Алай” көч башында. Ал эми “Дордой” 20 оюндан 45 упай топтоп экинчи сапта келатат.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-dordoj-z-jnd-lider-komandasyn-80-menen-uttu



Добавить комментарий