Футбол чыры. Канатбек Маматов: АФК футболчулардын айыбын далилдеп, анан футболдон четтетти

4 август 2019 12:23 7113 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кыргызстандык футболчуларды четтетүү чечими - бул бир жылдык биргелешкен иликтөөнү жыйынтыгы. Иликтөөгө Кыргызстандын футбол федерациясы да катышкан.

Мындай маалыматты Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов окуя боюнча barometr.kg сайтына комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, АФК мындай чечимди бир катар дыккат иликтөөлөрдөн соң кабыл алган.

“Учурда АФКнын чечими чындыгында кызуу талкууга алынууда. Бул жөн эле кабыл алып коё турган чечим эмес. АФК бул боюнча бир жылдан бери иликтөө жүргүздү. Мында биргелешкен иликтөө жүргөн. Алардын өкүлдөрү бизге келишкен, биздеги болгон маалыматтарды бергенбиз. Ар кандай булактардан тийиштүү маалыматтар топтолгон. Айыпталган футболчулар агенттер менен бирге отургандары кармалган. Букмекерлик кеңселердин өкүлдөрү менен жолукканын, алардан сунуштар болгонун мойнуна алган учурлары да бар”, - деди Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов.  

Эске сала кетсек, АФК жакында эле “Дордойдун” мурдагы коргоочусу Курсанбек Шератов, “Алай” клубунун мурдагы футболчулары Ильяз Алимов, Абдуазиз Махкамов жана Владимир Веревкин АФК Кубогундагы оюндарды манипуляциялоо максатында болгон жашыруун сүйлөшүүлөргө тийиштиги бар деп айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин футболдон четтеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-chyry-kanatbek-mamatov-afk-futbolchulardyn-ajybyn-dalildep-anan-futboldon-chettetti



Добавить комментарий