Футбол. Азия Кубогунун финалы: Япония-Катар. Ким чемпион болот?

1 февраль 2019 10:31 1785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун жеңүүчүсү аныкталат. Анда Азиянын 4 жолку чемпиону Япония курамасы менен тарыхта алгачкы жолу финалга чыгып жаткан Катар курамасы беттешет. Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт Сити" стадионунда өтүүчү мелдештин эң маанилүү беттешин Өзбекстандык калыс Равшан Ирматов башында турган калыстар тобу тейлейт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20-00дө башталып, аны Коомдук каналдын КТРК-спорт каналы түз алып көрсөтөт. 

Самурайлар өлкөсүнүн футболчулары жарым финалда Австралияны 3 - 0 эсебинде утуп чыкса, Катар мелдешти өткөрүп жаткан БАЭ курамасын 4-0 менен утуп финалга жолдомо алган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-aziya-kubogunun-finaly-yaponiya-katar-kim-chempion-bolot



Добавить комментарий