Футбол: Азамат Байматов Японияга каршы беттешке чакырылды

4 ноябрь 2019 18:00 5400 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын атактуу футболчусу, легендарлуу коргоочу Азамат Байматов 2022-дүйнө жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында Япония жана Тажикстан менен беттештерге чакырылган тизмеге киргизилди.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады. Александр Крестинин башында турган Улуттук кураманын машыктыруучулар тобу алдыдагы беттештерге даярдык көрүүдө чакырылган футболчулардын тизмесин жарыялады.

Кыргызстан курамасы 9-ноябрда Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргызстан улуттук курамасы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков («Дордой»)

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларусь), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Мустафа Юсупов (баары – «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Акрамжон Умаров («Алай»)

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (баары – «Дордой»), Гүлжигит Алыкулов («Неман», Беларусь).

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-azamat-bajmatov-yaponiyaga-karshy-betteshke-chakyryldy



Добавить комментарий