Француз жазуучусу Эвересттен 8,5 тонна таштанды чогултту

21 декабрь 2020 10:25 2184 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жазуучу жана альпинист Марион Шанго-Дюпюи үч жыл мурун тоо чокусуна бир канча  жылдар бою топтолгон таштандылардан арылтуу максатында “Таза Эверест” долбоорун баштаган. Үч жылдын ичинде Марион жана анын бригадасы 8,5 тонна таштанды чогултушту. Бул тууралуу “Метро” гезити жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Акыркы 17 жыл ичинде Марион тоодо гид болуп итеп, жашап келет. Бала кезинен бери ал тоо чокусунан таштандыларды чыгаруу боюнча долбоор түзүүнү кыялданган. 2013-жылы дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгып, 30 жылдык экспедициялар Эверестти кантип таштандыга толтургандыгын түшүнгөн.

«Эверестке чыгуу адам менен жаратылыш дүйнөсүнүн ортосундагы эң таза өз ара мамилелердин бири. Бирок, 2013-жылы чокуга чыкканда тоодо 30 жылдык экспедициялар таштап кеткен таштандылар толтура экенин билдим”, - деди активист.

Марион жана анын бригадасына таштандыларды тоо боорунан ылдый алып түшүүгө жергиликтүү бийлик 50 топоз белек кылышкан.  

Мариондун миссиясы айлана-чөйрөнү таштандыдан сактап калуу гана эмес, ошол аймакта жашагандардын жашоо сапатын өзгөртүү. Кытай жана Индия өрөөндөрүнүн эки миллиарддан ашуун адамы Гималай тоосунан агып түшкөн сууну ичүүчү суу катары колдонушат. Бирок, Гималайдын булганышынан улам, суунун булгануусу күчөп, ар кандай сейрек кездешүүчүү оорулар пайда болууда.  

Марион кийинки жолу Гималай тоосун толугу менен тазалай алам деп үмүттөнөт.

Ноябрь айында илимпоздор микропластика Эверест чокусуна жеткенин айтышкан. Адистер деңиз деңгээлинен 8440 метр бийиктикке көтөрүлүп, кардын жана эриген суунун үлгүлөрүн чогултушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/francuz-zhazuuchusu-everestten-85-tonna-tashtandy-chogulttu



Добавить комментарий