Францияда 300 кг салмактагы адамды үйдөн крандын жардамы менен алып чыгышты

2 декабрь 2020 09:47 822 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Францияда 300 кг болгон кишини курулуш кранынын жардамы менен куткарып алышты. Анын жамбаш сөөгү сынып, ооруканага барайын десе үйдүн эшигинен чыга албай калган. Бул тууралуу France3 Occitanie телеканалы билдирген маалыматка таянып “Барометр” которду.

Октябрь айынын аягында Франциянын Перпиньян шаарынын тургуну ашыкча салмактан улам бир жылдан ашык убакыттан бери батиринен чыга албай жүргөнү белгилүү болгон. Анын адвокаты Ички иштер министри Жеральд Дарманенге кайрылып, анын кардары Аллен 2019-жылдын июль айынан бери жергиликтүү бийликтен жардам күтүп жаткандыгын айткан. Андан кийин, ал жыгылып, жамбаш сөөгүн сындырып алып дарыгерлердин жардамына муктаж болуп, үйүндө жаткан.

1-декабрда төрт саатка созулган куткаруу иштерине полиция кызматкерлери, дарыгерлер, өрт өчүргүчтөр жана мэриянын кызматкерлери баш болгон 50дөй адам тартылган.

Аллендин үйүнүн тар көчөдө жайгашкандыгы маселени татаалдаштырган. Имараттын фасады жарым-жартылай талкалангандыктан, батирдин терезесин чоңойтууга туура келген. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Аны атайын контейнерге салып, анан крандын жардамы менен жерге түшүрүшкөн. Аны түшүргөндөн кийин контейнер тез жардам кызматына жүктөлгөн жана киши Монпелье шаарындагы ооруканага жеткирилген. Медициналык текшерүүдөн өтүп, керектүү дарылоодон өткөндөн кийин, Аллен Тулузадагы ашыкча салмактагы адамдар үчүн адистештирилген борборго жайгаштырылат деп болжолдонууда.

Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-300-kg-salmaktagy-adamdy-jdn-krandyn-zhardamy-menen-alyp-chygyshty



Добавить комментарий