Фоторепортаж. Жамгырдан кийин таштандысы тазаланбаган Ак-Өргө. "Тазалык" эмне дейт?

30 март 2019 11:42 1000 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Эки күндүк нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Ак-Өргө жаңы конушу таштандыга толду. Себеби ар жуманын 5-күндөрү эртең менен таштандыларды чогултуп кетчү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери келбей кечигүүдө. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына аталган конуштун тургуну кайрылуу жасап, тактап берүүбүздү суранды.

Маалыматты тактоо иретинде "Тазалык" миниципиалдык ишканасынын Чоң-Арык бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Жандар Тибираевге байланышканыбызда, ал төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"Эки техникабыз бузулуп калгандыгына байланыштуу пландалган тартиптен артта калдык. Ак Өргөнү график боюнча бир эле машина тазалап турчу.  Азыр ошол унаанын оңдодуп кайра ишке киргиздик. Технаканын качан бузулаарын билбейт экенбиз, буюрса бүгүн баардыгы тазаланат. Ал эми арыктарга толгон таштандылар бизге карабайт."

Ссылка: https://barometr.kg/fotoreportazh-zhamgyrdan-kijin-tashtandysy-tazalanbagan-ak-rg-tazalyk-emne-dejt



Добавить комментарий