«Альянс Алтын" ишканасы Таласта таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна 6 млн сом бөлдү

12 июль 2022 10:35 1538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан Талас шаарында таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна  6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, завод Талас шаарынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Калбин айыл аймагында курулууда.  Долбоорду «Эко Монтис» ЖЧКсы сунуштаган.

«2018-жылы Талас шаарындагы таштанды таштоочу жайды иштетүүгө 10 жылдык мөөнөткө келишим түзүп, уруксат алганбыз.  Ошондон бери таштандыларды сорттоочу завод куруп, таңгакталган таштандыларды кайра иштетүүчү жайларга өткөрүүнү пландап жатабыз.  Долбоорду ишке киргизсек, айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштетебиз”.  - дейт «Эко Монтис» ЖЧКсынын директору Янтар Атабеков.

Таштандыларды сорттоочу заводду курууга 8 миллион сомго жакын каражат керектелет.  Бүгүнкү күндө 1 млн 865 миң сом инвестицияланган.  «Альянс Алтын өнүктүрүү фонду 5 жылдык мөөнөткө пайызсыз кайтарымдуулук менен 6 млн сом бөлгөн. Фонддун мындай колдоосу Талас районунун, өзгөчө шаардагы таштандыдан арылууга чоң салым кошууда", -деп билдирди ишкана жетекчиси.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-talasta-tashtandylardy-sorttoochu-zavoddun-kurulushuna-6-mln-som-bld



Добавить комментарий