Фото. Дүйнөдөгү алгачкы ГМО аял 30 жылга жашарды
Америкалык бизнесвумен, BioViva илимий-медициналык компаниясынын жетекчилеринин бири, дүйнөдөгү биринчи гендик жактан модификацияланган аял учурда кандай абалда? 2015-жылы чечкиндүү кадамга барып, өз өмүрүн тобокелге салып гендик жактан өзүн өзгөртө турган препаратты кабыл алган Элизабет Пэрриш тууралуу bigpicture.ru жазды.
Белгилүү болгондой адамдын улгаюсу хромосомалардын өсүндүлөрү болгон теломерлердин кыскарышынан башталат. Адам канчалык карыган сайын анын теломерлери ошончо кыскара баштайт.
Элизабет Пэрриш 2015-жылы анын организминдеги теломерлерди узарта турган гендик терапияны кабыл алган. Мындай терапия мурда эч жерде жасалбагандыктан абдан коркунучтуу эле.
АКШда мындай изилдөөлөргө мыйзам деңгээлиндетыюу салынган. Ушундан улам Пэрриш жана анын командасы Канадага барып тобокелге бел байлашкан.Бактыга карай баары ийгиликтүү өткөн. Гендик жактан модификацияланган продуктуга аялдын организми эч кандай тескери реакция берген эмес.
2016-жылы март айында жүргүзүлгөн изилдөөдө Элизабеттин организими 20 жылга жашарганы белгиленген.
Өткөн жылы анын теломерлери дагы 10 жылга жашарды. Элизабет денеси чымыр болуп, чачтары бекем жана жибектей өсүп жатканын айтты.Ошондой эле күчтүү, кубаттуу боло баштаган. Бул төрт жылда анын булчуңдары азайуусун токтоткон жана аял эч кандай салмак кошкон эмес.Учурда Элизабет долбоордун үстүндө иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/foto-djndg-algachky-gmo-ayal-30-zhylga-zhashardy
Добавить комментарий ×