Финпол тарабынан мыйзамсыз патент берүүгө шектүү деп кармалган салык кызматкери жумушунан бошотулду

23 сентябрь 2020 17:08 805 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ленин райондук салык органынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

"Кызматкерди кызматтан бошотууга 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалышы негиз болду", -деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Каржы полициясы ушул жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районунун салык кызматынын кызматкерин мыйзамсыз патент бергендиги үчүн кармаганын жазганбыз.

Ссылка: https://barometr.kg/finpol-tarabynan-myjzamsyz-patent-berg-shekt-dep-karmalgan-salyk-kyzmatkeri-zhumushunan-boshotuldu



Добавить комментарий