Мыйзамсыз патент берген салык кызматкери кармалды, ал мамлекетке 6 млн сом зыян келтирген

23 сентября 2020 12:18 712 Barometr
Поделиться в:
ok

Каржы полициясы ушул жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районунун салык кызматынын кызматкерин мыйзамсыз патент бергендиги үчүн кармады. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“ Мамлекеттик салык кызматынын департаменти бөлүмдөрүнүн  башчысы «О.А.» кармалган. Ал салык кызматынын башка кызматкерлери менен алдын-ала сүйлөшүп алып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын атына патенттерди алардын катышуусу жок мыйзамсыз берүүгө көмөктөшкөн. Натыйжада алардын атынан улуттук товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташылып турган. Анын натыйжасында  мамлекеттик бюджетке 6 миллион сомго жакын салыктар төлөнгөн эмес ”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 23-сентябрда Биринчи Май райондук соту алдын алуу чарасын тандайт.

Ссылка: https://barometr.kg/myjzamsyz-patent-bergen-salyk-kyzmatkeri-karmaldy-al-mamleketke-6-mln-som-zyyan-keltirgen



Добавить комментарий