Финпол тарабынан мыйзамсыз патент берүүгө шектүү деп кармалган салык кызматкери жумушунан бошотулду
Поделиться в:
Ленин райондук салык органынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.
"Кызматкерди кызматтан бошотууга 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалышы негиз болду", -деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×