Филармониянын жанындагы массалык мушташ. Милиция иликтөөгө алды

5 март 2019 18:25 1833 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жанында топтошкон адамдар мушташып кетишти. Бул туурасында Baromter.kg маалымат агенттигине окуяга күбө болгондор билдиришти.  

Мушташ бүгүн 5-мартта жаштар аллеясында болуп, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келгендиги айтылды. 

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери учурда окуянын чоо-жайын иликтөөгө алды. Ал эми, мушташтын видеосу бат эле күбөлөр аркылуу интернетке тарап кетти. 


Ссылка: https://barometr.kg/filarmoniyanyn-zhanyndagy-massalyk-mushtash-miliciya-iliktg-aldy



Добавить комментарий