Фармкомпаниялардын унааларына шаардын ичинде, тышында жүрүүгө уруксат кагазы берилет
Борбор калаанын ичинде жана анын тышында тоскоолдуксуз жүрүү үчүн уруксат кагаздары берилет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
“Саламаттык сактоо министрлигине ар бир фармкомпаниядан бирден машинаны тактап бизге маалымат берүүсүн сурандык. Аларга уруксат кагазын беребиз. Алар шаар ичинде жана шаардын сыртына тоскоолдуксуз жүрө алат”, — деди ал.
Буга чейин Бишкектеги дарыканалар менен фармкомпаниялардын өкүлдөрү блокспоттордон өтө албай жатканы кабарланган. Андан сырткары медициналык мекемелерге дары-дармек ташыган атайын унаалардын дагы жүрүүсүнө токоолдуктар болуп жатканы кабарланган.
Добавить комментарий ×