Фамилия менен ысымды өзгөртүү адамдын тагдырына канчалык таасир берет?
Айрым адамдар төрөлгөндө азан чакырып койгон ысымы жакпай калып же болбосо аялзаты ажырашып кеткен атасына таарынып, же турмушка чыгып фамилиясын өзгөртүшөт. Ысым менен фамилияны өзгөртүү адамдын жашоосуна жана мүнөзүнө канчалык таасир берет. Barometr.kg энергетика жаатында иштеген адистерден бул тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдү.
Бир тукумдун бирдиктүү аты-жөнү жалпы тууган-туушкандарга таасир берерин байыртан эле билишкен. Кыргыздар “аккан арыктан суу агат” деп тукум-уругуна, ата-бабасына дагы карашканы белгилүү. Энергетика илиминде бир атадан тараган балдар ошол урук-туугандары тууралуу жалпы энергетикалык информациялык талааны - эгрегордук түзүп турат деп эсептелет.
Адам атасынын атын өзгөрткөндө бул эгрегордон чыгып кетиши мүмкүн. Бул анын тагдырына кыйыр түрдө болсо дагы таасир берет деп эсептешет.
Адам фамилиясын же атын өзгөрткөндө атын энергетикасына карата анын тагдыры дагы өзгөрөт деп коюшат. Көптөгөн атактуулар аты-жөнүн туура өзгөрткөндөн кийин атак-даңкка жетишкен фактылар бар.
Дегеле ысымдын энергетикасы тууралуу кыргыздар илгерден эле билген. Белгилүү бир кыргыз баатырын байбичеси кызганып токолдун баласына Чүкө деген ат коюп коет. Бир нече убакыттан кийин ал баатырдын үйүнө айтылуу Санжы сынчы келип балдарын сынайт. Ошондо Чүкөнүн карап “баатыр чыгаар бала экен, бирок аты туура эмес тандалыптыр, байбиче балдарымдын талабын чүкө өкчөгөндөй аткарсын деп атын атайлап коюп салган тура” деп өкүнгөн экен.
Ал эми айымдар күйөөсүнүн фамилиясын алган учурда ошол тукумга жакшы пайда алып келет деп эсептелинет экен.
Айтор санариптик технологиялар өнүккөн заманда ысымды өзгөртүүнүн сырларына көп ишенип ишенбөө ар бир адамдын өз эрки.
Бул тууралуу сиз кандай ойдосуз окурман?
⠀
Ссылка: https://barometr.kg/familiya-menen-ysymdy-zgrt-adamdyn-tagdyryna-kanchalyk-taasir-beret
Добавить комментарий ×