Европада коронавирустан каза тапкандар кайра көбөйүүдө

28 октябрь 2021 17:44 1587 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Европа коронавирус жуктуруп алган жана каза тапкандар көбөйгөн дүйнөнүн жалгыз бөлүгү бойдон калууда. Бул тууралуу Европанын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган борбордун маалыматына таянсак, 24-октябрга чейин дүйнөдө COVID-19 жаңы жуккан учурлар 4 пайызга көбөйдү.

Акыркы жети күндө Европада вирустан улам келип чыккан өлүмдүн көрсөткүчү 14 пайызга жогорулады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Румыния, Болгария, Словенияда коронавирус жуктургандар жана каза тапкандар рекорддук чекке жетип, эмдөө көрсөткүчү төмөн болуп жатканын эскертти.

Өткөн аптада дүйнө боюнча коронавирус жуккан 2,9 миллион жаңы учур катталды. Оорунун Европада үчүнчү толкунун күтүп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/evropada-koronavirustan-kaza-tapkandar-kajra-kbjd



Добавить комментарий