Европа афган качкындарынын агылып келишине даярданууда

17 август 2021 11:46 1130 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы баардык өлкөлөрдү Афганистандан келген качкындарды кабыл алууга жана аларды депортация кылбоого чакырды. Бул тууралуу Euronews.com булагына таянуу мнен “Барометр” кабарлайт.

БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Антониу Гутерриш "Талибан" кыймылын жана чатактын башка тараптарын калктын укуктары менен эркиндиктерин сактоого чакырып өттү.

Афганистандагы абалды баалаган Германиянын канцлери Ангела Меркель болуп жаткан окуяларды биринчи кезекте жергиликтүү калк үчүн жана Батыш үчүн “кайгылуу, драмалуу жана коркунучтуу” жагдай деп атады.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон аталган өлкө Россия, АКШ жана Европа биримдиги менен Афганистандагы жагдайды жөнгө салууга активдүү кызматташууга даяр экенин айтты.

“Афганистандагы жагдайдын туруксузданышы Европага карата миграцияны күчөтөт. Алдын ала даярданыш үчүн биз Германия жана башка өлкөлөр менен биргеликте бирдиктүү координациялык кеңеш түзүү демилгесин көтөрбүз”,-деп билдирди Макрон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/evropa-afgan-kachkyndarynyn-agylyp-kelishine-dayardanuuda



Добавить комментарий