Эверестти багындырган экинчи кыргыз Эдуард Кубатов болду

24 май 2021 09:15 1199 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эвересттин чокусуна чыкты. Маалыматты анын машыктыруучусу Александр Абрамов соцтармактагы баракчасына жазды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

"Эверест 1" командасы чокуга чыкты. Эми ылдый түшүп жатабыз. Аба ырайы жакшы эле. Шамал болуп жатат, бирок өтө деле күчтүү эмес. Бул жерде рекордду израилдик аял менен кыргызстандык киши коюшу мүмкүн.

Эверестке чыгуу 12-апрель күнү Непалда башталган. Ага Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан альпинисттер келген”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп Эвересттин бийик жерине Дмитрий Греков 1997-жылы чыккан.

Аталган чоку деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан. Кытай менен Непалдын чектеш жеринде жайгашкан чокуга жылына жүздөгөн альпинист барат. Ага жетпей, орото жолдон каза тапкандар да аз эмес.

Эверестти биринчи жолу Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында багындыра алган. Ал эми эң биринчи жолу чокуга кычкылтек баллонун колдонбой италиялык альпинист Райнхольд Месснер чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/everestti-bagyndyrgan-ekinchi-kyrgyz-eduard-kubatov-boldu



Добавить комментарий