Эсеп 1:0. Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип жатат
Бүгүн, 7-сентябрда Үч улуттун кубогу оюндарынын алкагында саат 20:30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешин баштады. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.
Оюнду көрүүгө президент Садыр Жапаров дагы келди.
Матч башталгандан кийин 9-мүнөттө КРнын курамасынын оюнчусу Эльдар Молдожунусов эсепти ачты.
Беттеш “Үч улуттун кубогу” эл аралык турниринин алкагында өткөрүлүүдө.
Турнирге Кыргызстандын, Палестинанын, Бангладештин курама командалары катышат. Буга чейинки беттеште Кыргызстан Палестинаны (1:0) утуп алган, андан соң палестиналыктар Бангладештин командасын 2:0 эсебинде жеңген.
Ссылка: https://barometr.kg/esep-10-kyrgyzstan-menen-bangladeshtin-futbolchulary-betteship-zhatat
Добавить комментарий ×