Эртең шаардык кеңеште жол кире акысын жогорулатуу маселеси каралат

27 сентябрь 2021 17:13 1352 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында коомдук транспортто жол кирени кымбаттатуу боюнча маселе каралат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Мэрия автобустар менен троллейбстардын баасын 8 сомдон 11 сомго, ал эми маршруткалардын баасын 10 сомдон 15 сомго жогорулатууну сунуштап жатат.

Саат 21:00дөн кийин пенсионерлерге, жеңилдик алгандарга баалар кандай болору азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, июнь айында 3 күн бою маршруткалардын айлоочулары иш таштап, жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып чыгышкан.Шаарда транспорттук коллапс болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-shaardyk-keeshte-zhol-kire-akysyn-zhogorulatuu-maselesi-karalat



Добавить комментарий