Жол кирени кымбаттатуу боюнча маселе шаардык кеңеште каралууда

16 сентября 2021 12:10 1860 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Бишкек шаардык кеңешинде жол кире акысын кымбаттуу боюнча маселе каралып жатканын “Барометр” маалымдайт.

“Эгерде депутаттар акырындык менен автобус жана троллейбустарга бааны 11 сомдон, маршруттук таксилерде 13 сомдон кылууну колдосо эмне кыласыңар”,- деп сурады депутат Мээрим Нусубалиева жыйында вице-мэр Русланбек Акылбековдон.

Вице-мэр бул депутаттардын укугу экенин айтты.  

“Биз жеке пикирибизди айткан жокпуз, бул маселени изилдеп, бааларды талдап чыккан комиссиянын пикирин айтып жатабыз. Биз автобустар 11 сом, маршруткалар 15 сом болгону туура деген пикирге келдик”,-деп айтты вице-мэр.

Нусубалиева  бааны дароо 50 пайызга көтөрүү калк үчүн кыйын болуп каларын эскертти.

Депутат Максат Алымбеков дагы бааны акырындап жогорулатуу керек деген пикирге кошулду. Ал дагы бааларды дароо 50 пайызга жогорулатуу туура эмес болот деп эсептейт.

Талкуу уланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kireni-kymbattatuu-boyuncha-masele-shaardyk-keeshte-karaluuda



Добавить комментарий