Эртең Путин келет. Бишкектеги жолдорго чектөө киргизилет

26 март 2019 16:42 1144 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин келишине байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй областында жолдорго чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.   

27-28-мартта айрым жолдорду жабуу Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөрүлө турган расмий иш-чараларга байланыштуу болмокчу.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан убактылуу  ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана унаа кыймылы үчүн каттамдарды алдын ала пландоону өтүнөт.

Ведомстводон кайсы көчөлөр жабыла турганын азырынча такташа элек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erte-putin-kelet-bishkektegi-zholdorgo-chekt-kirgizilet



Добавить комментарий