Эртең коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат

19 сентябрь 2018 19:00 1695 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Эртең Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз республикасынын улуттук китепканасында  Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер   Абдыганы Эркебаевдин туулгандыгынын 65 жылдыгына арналган “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат жана адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Филология илимдеринин доктору, кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги Абдыганы Эркебаев 12 китептин, 200дөн ашуун макалалардын, рецензиялардын автору. Эмгектери орус, казак, түрк, англис, япон,поляк, венгр тилдеринде жарыяланган. Ал Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, ΙΙ даражадагы “Манас” орденинин, Даңк” медалынын,   Түгөлбай Сыдыкбеков, Иса Ахунбаев атындагы сыйлыктардын, КМШ мамлекеттеринин парламенттеринин  “ Содружество” орденинин ээси.

Китеп-сүрөт көргөзмөсүндө академик Абдыганы Эркебаевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы кеңири чагылдырылмакчы. 

Маалыматта берилгендей, көргөзмө “Көрүнүктүү адабиятчы жана окумуштуу”, “Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер”, “Сыймык жана сыйлык ээси” аттуу   3 бөлүмдөн турат.

Көргөзмөгө жана адабий-чыгармачылык иш-чарага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, журналисттер, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-koomduk-ishmer-abdygany-erkebaevdin-65-zhyldygyna-arnalgan-kitep-srt-krgzms-achylat



Добавить комментарий