Согушка 75 жыл. Кыргызстандыктар тууралуу жашыруун документтер ачыкталды

6 май 2021 15:23 1525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Мамлекеттик каттоо кызматы архивде сакталган сейрек документтердин негизинде даярдалган виртуалдык фотографиялык документалдык көргөзмө ачты. Бул тууралу аталган кызматтын сайтына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, сайттын колдонуучулары 1941-1945-жылдардагы сейрек документтерди көрө алышат. Алардын ичинде жашыруун телеграммалар, Кыргыз ССРинин жарлыктары, советтик фронтко жардам көрсөткөн кыргыздардын сүрөттөрү жана “Фронттон келген каттар” виртуалдык көргөзмөсү бар.

Согуш жылдарында Кыргызстан армияны ок-дары, азык-түлүк жана шаймандар менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турган. Ошону менен катар эле, ССРдин башка аймактарынан эвакуацияланган ондогон өнөр жай ишканаларын кабыл алып, иштетип турган.

Аталган көргөзмөгө Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парадынын, 1945-жылы Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө  өткөкүлгөн майрамдын, фронттогу кыргызстандыктардын (Д. Шопокова, И. Панфилов, Ч. Түлөбердиев) өзгөчө сүрөттөрү илинген. Бул даректүү көргөзмөнүн өзгөчөлүгү - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин фронт жөнүндө эскерүүлөрүнүн аудио жазууларынын фрагменттери бар.

Порталда, Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилиндеги кыргызстандыктар жөнүндө 140 миңден ашуун билдиүүлөр, китептер чогултулган. Ошондой эле, согуш жылдарында курман болгон жана дайынсыз жоголгон жоокерлер жөнүндө электрондук маалыматтар камтылган. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын аймагынан чакырылган Экинчи Дүйнөлүк Согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды издөө да маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргызстанда мындай көргөзмө биринчилерден болуп уюуштурулуп жатат.

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата даярдалган виртуалдык көргөзмөнү төмөнкү шилтеме менен кирип көрсөңүздөр болот  -  http://pobeda.archive.kg/


Ссылка: https://barometr.kg/sogushka-75-zhyl-kyrgyzstandyktar-tuuraluu-zhashyruun-dokumentter-achyktaldy



Добавить комментарий