Апрель революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев дүйнө салды
Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель Элдик революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирди.
Кушбак Тезекбаев 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.
Ал эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштаган.
1984-1990-жылдары Кара-Суу райондук мал базарынын директору, 1995-2005-жылдары Кара-Суу районундагы «Нурбагыт» фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.
“Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз турак-жай комунсоюз» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген», - деп айтылат маалыматта.
Бүткүл өмүрүн мекенине арнап, эмгеги менен өлкөсүнө кадыры өткөн, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө зор салым кошкон Кушбак Тезекбаев 2010-жылы Апрель Элдик революциясындагы жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышып, баатырдык көрсөткөн, июнь окуяларында коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоого кыргыздын белдүү мекенчил жараны катары зор салым кошкон.
“Барометрдин” жалпы жааматы Кушбак Тезекбаевдин үй-бүлөсү жана туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-zhana-mamlekettik-ishmer-kushbak-tezekbaev-djn-saldy
Добавить комментарий ×