Эртең Бишкекте жүрөк ооруларын алдына ала текшертүүгө болот
Бөлүшүү:
Бишкекте эртең 29-сентябрда жүрөк кан тамыр ооруларын аныктоо боюнча скрининг иш-чаралары болот. Бул тууралуу баш калаада болгон басма сөз жыйынында белгилүү болгонун “Барометр” маалымдайт.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери Ден соолукту чыңдоо жана эндокриндик борбордун кызматкерлери менен биргеликте кан басымын текшерүү, кандагы глюкозанын деңгээлин текшерүү боюнча иштерди жүргүзүшүп, каалоочуларга чылым чегүүнүн зыяны жана туура тамактануу эрежелери боюнча айтып беришет.
Иш-чара Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынын башкы кире беришинин алдында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/erte-bishkekte-zhrk-oorularyn-aldyna-ala-tekshertg-bolot
Добавить комментарий ×