Эртең «БирКунТун» тасмасынын бет ачары болот

25 август 2021 11:57 1027 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 26-августта “Манас” кино театрында «БирКунТун» комедиялык тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу басма сөз жыйынында тасманы тартуучулар кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Режиссер Бакыта Мукулдун айтымында, фильмде интеллигенттүү, тамашакөй абышка Чотон Шеракундун айланасындагы окуялар баяндалат.Уюн жоготуп алган башкы каарман милицияга кайрылат жана алданып калып, ал тургай жакын адамдарына дагы ишенимин жоготот. Дымагы күчтүү Чотон өз күчү менен акыйкаттыкка жеткиси келет. Шаарга келген түнү анын айланасында бир канча окуя болот.

Тасманын саундтрегин ырчы Эрлан Андашев аткарган, ал «Ашыгым» деп аталат. Видео клипти бир аптада 1 миллион көрүүчү көргөн.

Тасмада башкы ролду белгилүү куудул Күмөндөр Абылов аткарган.

Фильмди 4 айда тартып бүтүрүшкөн, бюджети 40 миң доллар болгон.


 

Ссылка: https://barometr.kg/erte-birkuntun-tasmasynyn-bet-achary-bolot



Добавить комментарий